Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/03 17:27
 

Кыргызстанда электр кубаттуулугун иштеп чыгуунун өздүк наркы 1 сом 67 тыйынды түзөт

Бишкек, 4-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Кыргызстанда электр кубаттуулугун иштеп чыгуунун өздүк наркы 1,67 сомго барабар. Жалпы өндүрүлгөн электр кубаттуулугунун 80 пайызын карапайым калк колдонот. Алар колдонгон электр жарыгына же 1 киловатт/саатка 77 тыйындан төлөшөт. Ал эми электр энергияны көп колдонгон абонент 700 киловатт/сааттан ашса, анда 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Светке болгон тарифтин көлөмү мындан ылдый болбойт. Бул тууралуу “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында Улуттук энерго холдингдин башчысы Айбек Калиев билдирди.

“Токтогул ГЭСинде 40 жылдын бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Үстүбүздөгү жылы аны реконструкциялоо үчүн 250 млн. доллар насия алганы жатабыз. Ошондой эле, насыялык каражатка учурда Бишкек Жылуулук энерго борборун реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Алынган насыяларды кайра кайтарыш керек. Бизде калкка электр энергиясын сатуудан башка каражат булагы жок”,-дейт А.Калиев .

Өткөн жылы өлкөдө 12,9 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 67 пайызы калктын муктаждыгына жумшалган, ал эми 33 пайзы өнөр жай багытына пайдаланылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу