Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/03 08:53
 

4-мартта Бишкекте финансы министрлиги финансыларды башкаруу тууралуу маалымат жыйын өткөрөт

4-мартта Бишкекте финансы министрлиги финансыларды  башкаруу тууралуу маалымат жыйын өткөрөт

Бишкек, 4-март /Кабар/. 4-мартта саат 15те, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгып, ишке киргизүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Анда финансы министри Адылбек Касымалиев жана түрк делегациясынын өкүлдөрү катышат.

Жогоруда аталган долбоордун алкагында 2016-жылдын 22-февралынан 4-мартына чейин Түркия Республикасынын Финансы министрлигинин, Казына катчылыгынын жана Түрк кызматташуу жана өнүктүрүү агенттигинин кеңсе кызматкерлеринен турган түрк делегациясы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде ири көлөмдөгү иштерди аткарышкан. Түрк делегациясынын келишинин максаты Кыргыз Республикасынын бюджеттик процессин автоматташтыруу боюнча жасалып жаткан жумуштарга жана алдыда аткарыла турган иштерге жүргүзүлгөн анализди изилдөө жана долбоордун көлөмүн жана мөөнөтүн аныктоо болгон.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу