Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/03 14:57
 

Экономика министрлиги: “Кара-Балтадагы уран заводу чийки заттын жоктугунан токтотулду”

 Экономика министрлиги: “Кара-Балтадагы уран заводу чийки заттын жоктугунан токтотулду”

Бишкек, 3-март /Минара Ибраева-Кабар/. Кара- Балтадагы уран байытуу комбинаты эки айдан бери токтоп турат. Бул өндүрүштүн токтошуна чийки заттын жоктугу себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Экономика министринин орун басары Туратбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында уран чыгаруучу заводдун токтошуна чийки заттын жоктугу гана себеп болуп жатат. Башка эч кандай көйгөй жок.

“Буга чейин чийки затты коңшу Казакстандан келишимдин негизинде алып турчубуз. Тилекке каршы, 2015-жылы келишим аягына чыгып, алар жаңыдан келишим түзүп, чийки зат берүүдөн баш тартты. Азыр ошол эле Казакстан жана Россия менен тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бул багытта атайын адистер иштеп жатат”,-деди Т.Жунушалиев.

“Ал эми, аталган завод мамлекетке пайдасы тийбейт деп айтуудан алыспыз. Анткени, ал мамлекеттик эмес болсо дагы бюджетке жана жергиликтүү бийликке кошкон салымы бар”,-деп кошумчалады ал.

Министрдин орун басары учурда кызматкердин бардыгы убактылуу иштерин токтотуп, үйлөрүндө экендигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Кара-Балтадагы уран байытуу комбинаты эки айдан бери токтоп турат. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстанда уран байытуу пайда алып келбей тургандыгы жөнүндөгү маалыматтар интернет-сайттарга чыккан.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу