Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/03 12:15
 

Февралда ведомстволук классификация боюнча бюджеттин чыгашасы 8 млрд 688 млн сомду түздү

Бишкек, 3-март /Кабар/. 2016-жылдын февраль айында ведомстволук классификация боюнча бюджеттин жалпы чыгашасы 8 млрд 688 млн 76,2 миң сомду түздү. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд 309 млн 801,4 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 млрд 472 млн 245,2 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча 583 млн 206,1миң сом бөлүндү. «Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча ачыгашалар 731млн 655,4 миң сомду түздү.

Калган каражаттар башка корголгон жана корголбогон чыгашалар беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө жумшалды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу