Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
02/03 16:20
 

Кыргызстандын алманы дүйнөлүк рынокко чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар

 Кыргызстандын алманы дүйнөлүк рынокко чыгарууга толук мүмкүнчүлүгү бар

Бишкек, 2-март /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун фермер, агроному Чыныбек Абдыкеримов билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө өстүрүлүп жаткан алмалар башка өлкөлөрдө суроо талапка ээ. Биздин алмалар даамы жана сапаты жагынан абдан жогору бааланат. Ошондой эле, биздин өлкө өзгөчө Ысык-Көл облусу алма бак өстүрүүгө эң ылайыкташкан жер. Анткени, алма өстүрүүгө биринчи кезекте климаты, топурагы дагы ыңгайлуу болушу абзел. Биздин багбандар алма бактарды химикаты жок өстүрүшөт. Эгерде алманы өстүрүүдө химитты канчалык аз колдонсо ал түшүмдүү жана көп жыл жашайт жана ошончолук суроо-талапка ээ болот”,-деди адис.

“Биз болгону жаңы технологияларды алып келип, туура пайдаланып, аны өздөштүрүп кетишибиз зарыл. Учурда алманын сорттору эң эле көп. Аларды Казакстан, Россия жана башка өлкөлөргө экспорттойбуз. Мындан сырткары алыскы Европа өлкөлөрүндө дагы биздин алмаларга кызыккандар көп. Мындан улам дүйнөлүк рынокко алма менен чыгууга болот деп ишенем”,-деп кошумчалады Ч.Абдикеримов.

Белгилей кетсек, маалымат каражаттарында Кыргызстан эми дүйнөлүк рынокко алма менен чыга алабы деген маалыматтар талкууга алынган.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу