Бишкекте АКШ долларынын куну төмөндөп жатат
Бишкек, 2-март /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын куну төмөндөп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, борбордогу акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 72 сом 80 тыйындан, алуудагы баасы 72 сомдун айланасында болууда.
Бир күндүн ичинде доллар 0,8 сомго арзандады. Кечээ кечинде бир доллардын сатуудагы баасы 73 сом 60 тыйынды, алуудагы баасы 73 сом 30 тыйынды түзүп жаткан.
Эскерте кетсек, АКШ валютасы 28-январдан бери төмөндөөнүн үстүндө келе жатат. Бул күнгө чейин доллар 76 сом 10 тыйындан сатылган.