Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
01/03 18:08
 

Фитосанитардык инспекция: “Кыргызстандын балы дүйнөлүк рынокто жогору бааланат, бирок...”

 Фитосанитардык инспекция: “Кыргызстандын балы дүйнөлүк рынокто жогору бааланат, бирок...”

Бишкек, 1-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн бал сапаты боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. Ошондуктан, кыргыз балчыларынын продукциясына чет мамлекеттерде суроо-талап жогору. ЕАЭБге кошулгандан кийин кыргыз балы бир эле аталган уюмдун аймагына эмес, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө да кеңири экспорттолууда. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө бал жана башка жергиликтүү дыйкандар менен фермерлер өндүргөн продукциялар эл аралык деңгээлдеги лабораторияда текшерилип, тиешелүү тастыктаган документтер берилүүдө. Тилекке каршы айрым балчылар өз продукциясын экспорттогондо лабораторияларда текшерүүдөн өткөрбөстөн же кант жана башка кошулмаларды аралаштырып жибергендиктен, артка кайтарылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башкы көзөмөлдөөчүсү Алмаз Шаршенбеков билдирди.

“Кыргызстан ЕАЭБге толук мүчөлүккө кабыл алынып, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл алынгандан кийин жергиликтүү дыйкандар менен фермерлер өндүргөн бал жана башка продукциялар чет мамлекеттерге кеңири экспорттоло баштады. Учурда бизде эл аралык деңгээлдеги тигил же бул азыктын сапатын текшерүүчү лабораториялар бар. Эгер санитардык-эпидемиологиялык станция продукциянын сапатын текшерсе, биз курамын аныктап беребиз. Ал эми эгер балчы өз продукциясын Россияга экспорттосо, ал жакта сатып ала турган тарап менен келишими болуш керек. Мындан тышкары, россиялык тиешелүү органдар эгер шек санаса, өздөрү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшү мүмкүн. Бирок айрым балчылар продукциясын бизден текшерүүдөн өткөрбөй эле экспорттошот. Себеби, алар балга кант жана башка азыктарды кошуп жиберишип, мурдагыдай сатылып кетет деп ойлошот. Тилекке каршы азыр андай эмес. Россиянын Сибирь аймагынан кайтарылган 800 килого жакын балдын сапатында шек болушу мүмкүн. Эгер биз аркылуу өтсө, анда мындай болбойт эле”,- деди ал.

Өтөн жумада жергиликтүү маалымат каражаттары Россияга экспорттолгон 800 килограмм Кыргызстандын балы тиешелүү сапатын тастыктаган документи болбогондуктан, артка кайтарылгандыгын жазышкан болчу.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу