Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 17:00
 

Жарандарды арзан турак-жайлар менен камсыз кылууга багытталган ипотекалык насыялар өнөктөш-банктар аркылуу берилет

Бишкек, 1-март /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу багытында 310 млн сом каражат бөлүнөт. Ал эми калган каражат баалуу кагаздарды чыгаруу аркылуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун эскебинен каржыланат. Бул тууралуу компания башчысы Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊеште “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө билдирди.

“Ипотекалык насыялар жарандарга өнөктөш-банктар аркылуу берилет. Азырынча эки өнөктөш-банкыбыз бар. Келечекте алардын катарын кеӊейтүү пландаштырылууда”,-дейт Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы. Ал башталган иштин кечеӊдеп калуу тобокелчилигин эске салып, “Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдарды тездетип кабыл алып берүү өтүнүчүн билдирди.

Талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик ипотекалык компания банктардан баалуу кагаздарды сатып алып, аны текшергенден кийин биржага чыгара турганы, ипотекалык эмиссиялар негизинен улуттук валютада каржыланары белгилүү болду. Андан сырткары, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бул тармакка 10 млн доллар каражат салат. Ошондой эле, Соцфонддун пенсиялык топтоо фондунун каражатын тартууга да мүмкүнчүлүктөр бар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу