Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 16:44
 

Ага Хан фонду Жалал-Абад облусунда бир топ долбоорлорду ишке киргизди

 Ага Хан фонду Жалал-Абад облусунда бир топ долбоорлорду ишке киргизди

Бишкек, 1-март /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева Ага Хан фондунун Кыргызстандагы аткаруучу директору Жалалудин Шах мырза менен жолугушууда Ала-Бука районунда узак мөөнөттүү долбоор иштей баштаганы маалым болду. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди.

Ала-Бука жана Аксы райондоруна 900 миң евро каражатын сарптоо менен 6 күнөскана курууга жана ички каналдарды капиталдык ремонттоодон өткөрүүдө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлмөкчү. Мындан сырткары, Аксы жана Ала-Бука райондорунда кара өрүктү кайра иштетүү боюнча аялдарга үй шартында жумуш орундарын камсыз кылуу жагы дагы Ага Хан фондунун негизги иш чараларына кирери белгиленди.

Ж.Эгембердиева Ага Хан фонду тарабынан аткарылып жаткан иш аракеттерге терең ыраазычылыгын билдирди. Ага Хан фонду тарабынан Ош шаарында бир орто мектеп курулгандыгын жана жакында Нарын шаарында Борбордук Азия университетин ишке киргизүүнүн алдында тургандыгын Жалалудин Шах мырза белгилеп кетти. Эки тараптуу сүйлөшүүгө Ага Хан демилгелүү фондусунун MSDSP KG коомдук фондунун аткаруучу директору Талантбек Алдашов катышты. Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара китептер менен белек алмашышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу