Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
01/03 11:37
 

Бүгүн Кара-Кече жана Миң-Куш (Ак-Улак учостогу) көмүр кенин иштетүүгө сынак жарыяланды

Бишкек, 1-март /Кабар/. Кыргыз Республиксынын Өкмөтү 2016-жылдын 1-мартында Кара-Кече жана Миң-Куш (Ак-Улак учостогу) көмүр кенин комплекстүү иштетүү максатында жер алдындагы байлыктарды колдонуу укугуна сынак жарыялады. Бул тууралуу Мамгеолагенттигинен билдирди.

Сынактык комиссия сынакка катышуунун наркын 15 000 000 (он беш миллион) сом өлчөмүндө баалады. Конкурска катышуунун дагы бир талабы - геологиялык маалыматтын чакан пакетине 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сом төлөө болуп эсептелет. Мындан тышкары конкурстун катышуучулары 76 000 000 (жетимиш алты миллион) сом өлчөмүндө гарантиялык взнос кошушу керек.

Сынакка катышууну каалагандар конкурс расмий жарыяланган соң 45 календарлык күндөн кечикпестен, тактап айтканда, 2016-жылдын 15-апрель саат 15:00дөн кечикпестен зарыл документтерин тапшырышы керек. Документтер Мамгеолагенттигинде Бишкек ш. Эркиндик бул. 2. №219 бөлмөдө кабыл алынат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу