Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/02 18:46
 

Россия-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу жеӊилдетип насыялоо шартына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкек, 29-февраль /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүгүү фонду аркылуу жеӊилдетип насыялоо шартына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахметова Бюджет жана финансы боюнча комитетте Россия - Кыргыз өнүгүү фондунун ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

“Мисалы, турак жайларды куруу, ири инфратүзүм жана өндүрүш долбоорлорун насыялоо мөөнөтү 15 жылга, өнөр жай жана айыл чарба долбоорлорунун мөөнөтү 10 жылга, дагы башка коммерциялык долбоорлордун мөөнөтү 7 жылга чейин узартылды”-дейт фонд башчысы. Андан сырткары, минималдуу насыялоо өлчөмү 3 млн сомдон 1,5 млн сомго чейин азайтылганын, насыя алуучунун өздүк кошумча үлүшү насыянын 15 пайызына чейин азайтылганын кошумчалады. Ал фонд башкармалыгы менен кеӊештин ортосунда айрым бир маселелер боюнча келишпестиктер бар экенин моюнга алды.

Эске салсак, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун негизги каражаты– 1 млрд доллар, анын ичинде уставдык фонд – 500 млн доллар. Буга чейин фонддон насыя каражаты 5 жылдык мөөнөткө улуттук сом түрүндө 12 пайыз, доллар түрүндө 7 пайыз үстөгү менен бериле турганы белгиленген. Ошондой эле, насыя алуучу өз үлүшү катары жалпы насыянын 20 пайызын кошмок.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу