Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/02 12:54
 

Февралга бюджеттик чыгымдардын кошумча финансылык планы

Бишкек, 29-февраль /Кабар/. 2016-жылдын февралына республикалык бюджеттин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгымдарынын кошумча финансылык планына ылайык февралда бюджеттин ресурстук бөлүгүнө кошумча 391,6 млн сом келип түшөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кошумча түшүү расмий трансферттердин эсебинен каржыланат.

Эске сала кетсек, негизги финансылык планга ылайык февралда республикалык бюджеттин жалпы ресурсунун көлөмү 7 млрд 432,3 млн сомду түзмөк. Ресурстардын негизги бөлүгү 6 млрд 382,1 млн сом суммасындагы кирешелердин (анын ичинде салыктык кирешелер – 6 млрд 196,8 млн сом, салыктык эмес кирешелер – 185,3 млн сом) эсебинен камсыздалмак. Ошондой эле, финансылык активдердин жана милдеттенмелердин эсебинен бюждетке 1 млрд 50,1 млн сом келип түшмөк.

2016-жылдын февралына республикалык бюджеттин кирешелеринин, ресурстарынын жана бюджеттик чыгымдарынын кошумча финансылык планына ылайык февралда кошумча чыгымдардын жалпы көлөмү 806,9 млн сомду түзөт, анын ичинде корголгон беренелерге кошумча 78,2 млн сом, ал эми корголбогон беренелерге кошумча 724,9 млн сом жумшоо пландалууда.

Эске сала кетсек, негизги финпланга ылайык февралда республикалык бюджеттин чыгашасынын жалпы көлөмү 9 млрд 382,1 млн сомду түзмөк. Анын ичинде корголгон беренелерге 7 млрд 17,4 млн сом, ал эми корголбогон беренелерге 794,7 млн сом жумшоо пландалган. Ошондой эле, финансылык активдерди сатып алууга 260 млн сом, милдеттенмелерди жабууга 873,5 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу