Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/02 18:36
 

Президент ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы менен интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу милдеттерин талкуулады

Президент ЕЭКтин  Коллегиясынын төрагасы менен  интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу  милдеттерин талкуулады

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 26-февралда, Евразия экономика комиссиясынын Коллегиясынын председатели Тигран Саркисянды кабыл алды.
Жолугушууда Евразия экономикалык биримдиктин күндөлүк ишмердигинин негизги багыттарына, интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу милдеттерине жана артыкчылыктарына байланыштуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктин мүчө болушу дүйнөлүк экономикадагы татаал процесстердин учуруна дал келгенин, бул интеграциялык бирикменин бардык мүчөлөрү үчүн жаңы милдеттерди жана чакырыктарды пайда кылгандыгын белгиледи. «Кыргызстандыктардын интеграцияга болгон үмүттөрү акталышы керек», - деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушунун алкагындагы иш-чараларды турмушка ашыруу жана өлкөнүн евразиялык интеграциялык поцесске катышуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Президент Алмазбек Атамбаевге маалымат беришти.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу