26.02.2016, 18:26

Кыргызстанда дизель майга болгон баа арзандады

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Кыргызстанда дизелге болгон баа төмөндөдү. Бул тууралуу Кыргызстан нефтрейдер ассоциациясы билдирди.
2016-жылдын 26-февралында республиканын бардык аймактарында баа 2 сомго түштү. Жалпысынан 2016-жылдын башынан бери дизель майы 6,5 сомго арзандаган.
Баанын түшүшү Казакстандан мыйзамсыз импорттун келип жаткандыгына байланышту болууда. Бул ата-мекендик нефтетрейдер ишканаларына атаандаштыкта ыңгайсыздык жаратууда. Себеби контрабандалык товар өздүк наркынан төмөн болот.
Мындай шартта легалдуу түрдө бардык салыктарды төлөп жүргөн ишканалар зыян тартууда. Белгилей кетсек, контрабанда нефтетрейдерлер эле эмес, Кыргызстандын мамлекеттик бюджетине да сокку урат.
Ушундан улам, Ассоциация Өкмөткө кайрылып, легалсыз импорттолгон нефтпродуктуларынын каналдарын токтотууга атайын мамлекеттик органдар чечкиндүү түрдө киришүүсүн өтүнөт.