Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/02 17:03
 

Бишкекте Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн аймактык окуу курсу аяктады

 Бишкекте Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн аймактык окуу курсу аяктады

Бишкек, 26-февраль /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин чоң жыйындар залында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн «Экономикалык саясаттын таасиринин анализин баалоо» деген темада 5 күн бою өткөрүлгөн II бириккен аймактык окуу курсунун аяктагандыгына байланыштуу салтанаттуу азем болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Финансы министри Адылбек Касымалиев, статс-катчы Зуура Баяманова, Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ж.б. мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу курсунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин грамоталары жана эл аралык үлгүдөгү сертификаттар тапшырылды.

Жогоруда белгилеп кеткендей, «Экономикалык саясаттын таасиринин анализин баалоо» деген темадагы тренинг экинчи тренингдик курс болуп саналат. Ушундай тренингди өткөрүү идеясын 2012-жылы Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигинин Экономикалык реформалар институту берген. Биринчи тренинг 2014-жылы Баку шаарында өткөрүлгөн. Ошондо Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдө ушул багыттагы тренингдерди дайыма өткөрүп туруу чечими кабыл алынган.

«Экономикалык саясаттын таасиринин анализин баалоо» деген темада бир нече тренинг өткөрүүнүн негизги максаттары-Өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн экономикалык саясаты үчүн аналитикалык анализдин инструменти боло турган жалпы методикалык ыкманы түзүү, методикалык ыкмаларды колдонуу үчүн тийиштүү маалыматтар базасын түзүү, көрсөтүлгөн багыттар боюнча улуттук адистерди даярдоо болду.

Окуу курсунда машыктыруучулук (окутуучулук) кызматты «АEEC илимий-изилдөө борбору»уюмунун жетекчиси доктор Малик Мехдиев менен аталган уюмдун улук кеңешчиси Суат Шишик аркалады.

Эске сала кетсек, II бириккен аймактык окуу курсун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Экономикалык кызматташтык уюму, Ислам өнүктүрүү банкы, Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигинин Экономикалык реформалар илимий-изилдөө институту жана «АЕЕС Окуу жана изилдөө борбору» ООО менен биргеликте уюштурган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу