26.02.2016, 14:15

Бишкекте АКШ долларынын куну төмөндөп жатат

Бишкек, 26-февраль /Шаххан Мырзабеков- Кабар/. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда АКШ долларынын куну төмөндөп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, борбордогу акча алмаштыруу жайларында доллардын сатуудагы баасы 74 сом, алуудагы баасы 73 сом 50 тыйындын айланасында болууда.

Бир күндүн ичинде доллар 0,6 сомго арзандады. Кечээ кечинде доллардын сатуудагы баасы 74 сом 60 тыйынды, алуудагы баасы 74 сом 40 тыйынды түзүп жаткан.

Эскерте кетсек, АКШ валютасы 28-январдан бери төмөндөөнүн үстүндө келе жатат. Бул күнгө чейин доллар 76 сом 10 тыйындан сатылган.