Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/02 15:39
 

Финансы министрлигине түрк делегациясы иш сапары менен келди

Финансы министрлигине түрк делегациясы иш сапары менен келди

 Бишкек, 23-февраль /Кабар/. «Кыргыз Республикасынын финансыларын башкаруу маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин компетенттүү өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүү, жумушчу топторду түзүү жана бюджетке, казынага байланыштуу маселелерди изилдөө максаттарында түрк делегациясы бүгүн Финансы министрлигинин астанасын аттады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Иш планына ылайык түрк делегациясы Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 5-мартына чейин жүрөт. Көрсөтүлгөн мезгилде финансы боюнча түрк адистери өлкөбүздүн мамлекеттик башкаруу түзүмүн, программалык камсыздоо функцияларын жана техникалык инфраструктураны, бухгалтерия процессин жана мамлекеттик уюмдардын бириндеги чыгашаларды, кирешелер системасы жана салыктар системасы менен байланышкан техникалык интеграция үчүн муктаждыктарды, жергиликтүү бюджетине тиешелүү болгон аймактык башкармалыкты же областтык казына дирекциясын изилдешет, ошондой эле түрк делегациясы борбордук бюджетти даярдоо процесстеринин, карызды башкаруу процесстеринин, чыгашалар жана бухгалтердик эсеп процесстеринин, жергиликтүү администрация тарабынан бюджетти даярдоо жана ишке ашыруу процессинин, нак акча каражаттарын башкаруу процесстеринин, бюджетти ишке ашыруу процесстеринин, бухгалтердик эсеп жана нак акча каражаттарын башкаруу процесстери боюнча техникалык талаптарды аныктоонун үстүнөн иштейт.
Иш сапарынын соңунда жогоруда аталган долбоордун жана алдын ала анализдөө боюнча иштердин жыйынтыктары чыгарылат, ошондой эле жол картасы тааныштырылат.
Эске сала кетсек, 2015-жылдын 18-ноябрында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде министр Адылбек Касымалиев менен Түркия Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Түрк кызматташуу жана координациялоо агенттигинин (ТИКА) Борбордук Азия жана Кавказ долбоорлору боюнча башкармалыгынын башчысы Али Өзгөн Өзтүрк мырзанын жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында ТИКА менен «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыларын башкаруунун маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана киргизүү» долбоору (МФБМС долбоору) боюнча кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлган.

Протоколдун максаты МФБМС долбоорунун алкагында «Бюджетти пландоонун маалыматтык системасы», «Казынаны башкаруунун маалыматтык системасы» багыттары боюнча зарыл иштерди жүргүзүү болуп саналат.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу