Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/02 14:30
 

Бишкектеги финансы министрлигинде 9 мамлекеттин өкүлдөрү катшкан тренинг өтөт

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. 22-26-февралда Бишкекте Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн «Экономикалык саясаттын таасирин талдоону баалоо» деген темада тренинг өткөрүлөт. Бул тууралуу финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тренингди финансы министрлигинин Окуу борбору Экономикалык кызматташтык уюму, Ислам өнүктүрүү банкы, Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигинин Экономикалык реформалар илимий-изилдөө институту жана «АЕЕСтин Окуу жана изилдөө борбору» ООО менен биргеликте уюштурууда.

Тренингге Азербайжан, Афганистан, Пакистан, Иран, Түркия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү менен катар Кыргызстандын мамлекеттик мекемелеринин өкүлдөрү жана адистери да катышат.
Белгилей кетсек, Экономикалык кызматташтык уюму 1985-жылы түзүлгөн. Ал эми Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Иран, Афганистан, Өзбекстан, Пакистан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр бул уюмдун мүчөлөрү болуп саналат.

Маалымат иретинде:

Алгачкы жолу матрицаны түзүү Бириккен Улуттар Уюмунун ченемдик укуктук документтеринин талаптарынын көз карашынан жүзөгө ашырылган. Ушул тапта Социалдык эсептердин матрицасын даярдоодо дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөн тажрыйбадан таптакыр айырмаланган жаңы ыкма колдонулууда.

Социалдык эсептердин матрицасы даярдалгандан кийин бардык маалыматтардын расмий статистикалык маалыматтарга шилтемеси кайрадан текшерилет, андан соң Жалпы теңдемдеги моделди даярдоо үчүн Социалдык эсептердин матрицасы атайын моделдештирүү тобуна берилет; анан бир катар мультипликативдик таасирлерди эсептөө үчүн кайрадан иштелип чыгып, мультипликативдик моделдердин талаптарына туура келген формага келтирилет.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу