Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
19/02 16:31
 

Январда бюджеттер аралык трансферттер 176,6 млн сом суммасында каржыланды

Бишкек, 19-февраль /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгашасы 176,6 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн мезгилде теңдештирүүчү гранттар 134 млн сом көлөмүндө каржыланса, республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар 42,6 млн сомду түздү.

Белгилей кетсек, 2016-жылга теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 млрд 609 млн 300 миң сом суммасында бекитилген. “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар, биринчи кезекте, корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөкпулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

Маалымат иретинде: Теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

Өз ара эсептешүүлөр боюнча бир бюджеттен экинчи бюджетке берилүүчү каражаттар төмөнкү учурларда каралат:
1) (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларын кошпогондо) ченемдик укуктук актылар (аларга ылайык кирешелер көбөйөт же жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары көбөйөт же кирешелери азаят) кабыл алынган учурда тийиштүү суммалардын орду республикалык бюджеттен толукталат, ал эми жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары азайган же көбөйгөн учурда тийиштүү суммалар республикалык бюджеттен алынат;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик бюджетти түзүүдө негиз катарында пайдаланылуучу бюджеттин орто мөөнөттүү божомолунан айырмаланып турган, Кыргыз Республикасынын экономикасында болуп жаткан өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштар, тейлөө кызматтары), баалардын деңгээлдеринин, инфляциянын темптеринин өзгөрүшүн алып келген жалпы мамлекеттик салык ж. б. кирешелердин контингенти боюнча көрсөткүчтөрдү тактоо менен байланышкан өз ара эсептешүүлөргө квартал аяктаганга чейин 30 күндөн кечиктирбей тактоо киргизүүгө укуктуу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу