Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/02 08:49
 

Премьер-министр: «Жаныбарларды идентификацияоо боюнча ыкчам чаралар көрүлөт»

Бишкек, 18-февраль /Кабар/. 17-февралда Темир Сариевдин төрагалыгы алдында жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы иш-чараларды жүргүзүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоо боюнча жыйын өттү.
Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экологиялык жана региондук өнүктүрүү комитетинин мүчөлөрү катышты.

Премьер-министр бул маселе орчундуу экенин белгилеп, малды идентификациялоо иштери создугуп жатканын билдирди. Премьер-министр малды идентификациялоо боюнча конкреттүү иштерди баштоо мезгили келгенин билдирип, бул өнөктүктү жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу орган катары Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция аныктоо боюнча токтомго кол койду.

Темир Сариев аталган орган эки жума ичинде идентификациялоо боюнча деталдуу план даярдап чыгып, бул жааттагы иштерди кечиктирбестен баштоо тапшырмасын берди.
Темир Сариев жаныбарларды идентификациялоону ишке ашырууда мамлекеттик инспекциянын жетекчилиги жеке жоопкерчилик тартаарын кошумчалады.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу