Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 18:37
 

Кыргызстанда мурун 152 чакан ГЭС иштеген болсо, азыр анын 13кө жакыны гана иштеп жатат

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. “Советтер союзунун маалында Кыргызстанда 152 чакан ГЭС иштеген. Азыр анын 13кө жакыны гана иштеп жатат. Алардын ишин жандандырууга кызыгуусун билдирип жаткан инвесторлорду такыр жок, - деш туура эмес. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов 17-февралда радионун түз эфиринде билдирди.

Айрымдары 2,1 коэффициент менен иштешкенге деле макул. Мына эми ишти колго алып баштайын деген кезде башка өңүттөгү көйгөйлөрдүн башы кылтыят. Айталы, суунун башы бир айыл өкмөтүнө караса, суунун аягы башка бир айыл аймагынын карамагына таандык болуп чыгат. Токой чарбачылыгына байланышкан маселелердин да чети кылтыят. Мына ушунун бардыгы инвестордун карамагында болуш керек. Бирок, бул жагдай бир топ кыйынчылыктарды жаратууда-дейт ал.

Эл өкүлү “Электр энергиясынын кайра жаралуу булактары жөнүндөгү” мыйзамга өзөртүүлөрдү демилгелеп, мыйзамдын 12-беренесине суу энергиясын колдонуудагы коэффицинет жыл мезгилине карап жайында 2,1 өлчөмүндө болсо, ал эми күз-кыш айларында 3 коэффициенттин чегинде белгилөө сунушун көтөрүүдө.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу