Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 18:03
 

Инвестор Кара-Кечеге темир жол жана жылуулук электр станциясын куруусу керек

Бишкек, 17 –февраль /Кабар/. 2016-жылдын 17-февралында Жумгал районунун Чаек айылында «Кара-Кече» көмүр кенине инвестициялык сынак өткөрүүнүн шарттарын жергиликтүү элге түшүндүрүү максатында жолугушуу болду.

Бул тууралуу КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Аталган агенттиктин өкүлдөрү менен район жетекчилеринин жана тургундарынын жолугушуусунда сынактын шарттары боюнча инвестор Балыкчы–Кочкор–Кара-Кече темир жолун жана кубаттуулугу 1200 мегават болгон Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруусу керектиги айтылды. Жыйындын катышуучуларына конкурстун негизги максаты түшүндүрүлгөн соң, конструктивдүү ой- пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу