Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 16:06
 

“Мегаком” ишканасынын сатыкка коюлушу Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндарына терс таасирин тийгизбейт

“Мегаком” ишканасынын сатыкка коюлушу Дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюндарына терс таасирин тийгизбейт

 

Бишкек, 17-февраль /Минара Ибраева-Кабар/. “Мегаком” ишканасынын сатыкка коюлушу экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына терс таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында “Мегаком” компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов билдирди

“Бүгүнкү күндө “Мегаком” ишканасынын сатыкка коюлушу алдыда өтө турчу экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына же дагы башка улуттук оюндарга терс таасирин тийгизбейт. Анткени, чоң-чоң ишканалар алдын ала бир жылдык бюджетин карап, түзүп чыгат. Ошол сыяктуу эле, бул ишкана дагы аталган оюнга өнөктөш болууну алдын ала пландап, бардык маселени карап чыккан. Бул оюнга колдоо көрсөтүү биздин бюджетте былтыр эле каралган”,-деп айтты А.Базаркулов.

Анын айтымында мындай жогорку деңгээлдеги иш-чараларга колдоо көрсөтүп, алар менен кызматташуу келишими алдын ала каралат. Ал бир күндө чечиле турчу маселе эмес. “Ал эми 2016-жылы өткөрүлө турчу иш-чаралардын качан, кайда өтүшүн биз билебиз. Анткени ал компаниянын бюджетинде каралган”,-деп жыйынтактады өз сөзүн.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу