Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 15:06
 

Бостери айыл аймагындагы ат майдандын бийиктиги 5 кабат имаратка барабар болот

Бостери айыл аймагындагы ат майдандын бийиктиги 5 кабат имаратка барабар болот

Бишкек, 17-февраль /Минара Ибраева-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйынында КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

"Жалпыга маалым болгондой быйыл сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлөт. Бул мелдешке карата Бостери айылында жаӊы ат майданын кайра куруу иштери башталды. Азыркы тапта 57 жумушчу, 10 инженер иштеп жатат . Бул ат майдандын бийиктиги 5 кабат имараттын бийиктигине барабар болот. Аны 15-августка чейин бүткөрүүнү пландап жатабыз”,-деп Т.Мамбетов.

Анын айтымында, имаратты кайра курууга 480 миллион сом сарпталат. Ал эми, каражат орусиялык ири ишкана, жергиликтүү ишканалар, жеке ишкерлер жана Өкмөттөн бөлүнүп берилет.

Мындан тышкары Т.Мамбетов чоң жолдогу бак-дарак маселеси боюнча төмөнкүлөргө токтолду: “Бостери айылына карай кеткен жолдогу бактардын көбүнчөсүнүн эскилиги жетти. Алардын качан, канча көлөмдө тигилген, канча жыл турушу керек экендиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте каралууда. Бул бактардын бардыгы эки катар салына турган жолдун ортосундагы тилке болот. Ошондуктан, алардын тамырынан бери алып салыш керек. Кийин кайра көйгөй жаратпагандай болушу шарт деп жатабыз”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу