Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 14:50
 

1-октябрдан тарта пенсия өлчөмүнүн 10-11 пайызга чейин көбөйүшү күтүлөт

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Социалдык фонддун 2016-жылга карата бюджетинде пенсияларды жогорулатууга 854460 миң сом көлөмүндө каражат каралган. 2016-жылдын 1-октябрынан тарта пенсия өлчөмүнүн 10-11 пайызга чейин көбөйүшү күтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште «Социалдык фонддун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу» жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Ошондой эле, пенсияларды чектөө жана жеткирүүгө кетчү чыгымдар 354734,3 миң сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Анын ичинде пенсияны чектөө жана кайра эсептөө үчүн бланктарды сатып алууга, пенсияны Соцфонддун баардык аймактык башкармалыктары боюнча жеткирүүгө 8500 миң сом, пенсия төлөө боюнча кызмат көрсөтүүсү үчүн «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасына 295150,6 миң сом жана коммерциялык банктарга 51083,7 миң сом сарпталат.

"Ал эми майыптардын пенсиясы жашоо минимумуна чейин жеткирилет",- дейт Соцфонддун төрагасы М.Абылгазиев.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу