Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 12:02
 

Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан эл аралык стандартка ылайык курулат

 Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан эл аралык стандартка ылайык курулат

Бишкек, 17-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

Анын айтуусунда, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтүүчү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы 7 миң адам батуучу ат майдан реконструкцияланып, 10 миң орунга ылайыкташтырылып кайра курулат. Ошондой эле, эл аралык мелдеш башталган учурда автомашиналардын тыгынын болтурбоо үчүн ат майдандын биринчи кабаты 1235 жеңил автомашина, 26 автобус бата турган токтотуучу жай болот. Ал эми экинчи кабатта калыстар отуруучу VIP кабиналар курулат.

Мындан тышкары санузел, кафе жана башка керектүү курулуштар болот. Ал эми конкурстук комиссиянын жыйынтыгы менен объектинин башкы демөөрчүсү болуп “Грант-проект” ЖЧКсы, башкы подряддык уюм болуп “Азат” корпорациясы тандалып алынган.

“Бүткүл дүйнөлүк II көчмөндөр оюну өтүүчү ат майдан кийин да ар кандай спорттук жана башка иш чараларды өткөрүүчү имарат катары пайдаланылмакчы. Себеби Бостери айылында жума сайын дем алыш күндөрү өтүүчү жарманкелер борбордук аянтта болуп, автотыгынды жаратып келет. Ат майдандын аянты кеңейтилип, көп функционалдуу болуп курулгандан тышкары жанына “Газпром” компаниясы 700 орундук спорттук комплекс куруп жатат”,- деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу