Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/02 08:51
 

Эсептөө палатасы Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигин текшерет

Бишкек, 17-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча Эсептөө палатасына Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттиги тарабынан электр энергиясынын тарифинин туура же туура эмес белгиленип жатышын текшерип, анын жыйынтыгы менен тармактык комитетти маалымдар кылуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатканда белгилүү болду.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми КР Өкмөтүнө иште кетирилген кемчиликтери, электр энергиясынын тарифтик саясатын туура эмес жүргүзгөндүгүнөн улам, кардарларды чыгымга учуратып жатканы үчүн Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.

Белгилей кетсек, комитет жыйынынын жүрүшүндө депутаттар тарабынан Мамлекеттик отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин дарегине бир катар сын пикирлер айтылган. Алардын айтымында, быйыл Кыргызстан электр кубатын коӊшу өлкөлөрдөн импорттобосо дагы, электр энергиясынын тарифи былтыркы боюнча калтырылганы туура эмес. Энергетика тармагында иштеген жеке компаниялардын жеке чыгымын кардарлар тартышы өлкөнүн энергетикалык саясатына жатпайт.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу