16.02.2016, 17:43

Бишкекте Кыргызстандын инвестициялык климаты талкууланды

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. 16-февралда Бишкек шаарында Кыргызстандын белгилүү эксперттери "Кыргызстандагы 2016-жылга карата инвестициялык климат: Андагы абал, маселелер жана перспективалар" аталышындагы тегерек стол жыйынын өткөрүштү.

Анда өлкөдөгү инвестициялык климат талкууланып, жыйынга Жогорку Кенештин бир катар депутаттары, белгилүү эксперттер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Жыйында мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө негизги фактор болгон Кыргызстандын инвестициялык климатына байланыштуу маселелер көтөрүлдү.