Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 16:22
 

Финансы министри: “Биздин карызыбыз доллар менен алганда 55%ды, сом менен алганда 60%дан ашыкты түздү”

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Шаардык өнүгүү долбоорун” каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун жактырды.

Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Токтогул, Кербен, Балыкчы шаарларынын инфратүзүмүн жакшыртуу багытында 14,4 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат берет. “Шаардык өнүгүү долбоорун” АРИС аткарат.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү мамлекеттик карыздын көлөмү жылдан-жылга көбөйүп, ички дүӊ өнүмгө карата 60 пайыздык чектен ашып кеткени тууралуу маселе көтөрдү. Депутаттар бюджет мыйзамы бузулуп жатканын айтышты. Алардын пикиринде, насыя каражаттарын өтө зарыл тармактарды өнүктүрүү үчүн гана алуу зарыл.

Каржы министри Адылбек Касымалиев Кыргызстандын мамлекеттик карызы, доллар менен алганда 55%ды түзөрүн билдирди. Ошону менен бирге сом менен алганда, мамлекеттик карыз көлөмү 60%дык чектен ашып кеткенин моюнга алып, ички жана тышкы карыздардын абалына такай мониторинг жүргүзүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3,8 млрд долларды түзөт, анын ичинде тышкы карыз – 3,6 млрд доллар, калганы ички карыз болуп саналат.

Андан сырткары, комитет жыйынында КР Өкмөтү менен Румыния жана Таиланд өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашуу жактырылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу