Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 16:04
 

Жапон каржы уюму Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушуна 116,47 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берет

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюган Япония Өкмөтүнүн нотасына карата КРнын жооп нотасын жана КР Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу долбоору боюнча карыз жөнүндө макулдашуусун ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Келишимге ылайык, Жапон Эл аралык кызматташтык агенттиги Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушуна 11,915 млрд иен (116,47 млн доллар) өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берет. Насыя 0,1 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берет, анын алгачкы 10 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Ал эми кыргыз тарап долбоорду 1,727 млрд иен (16,88 млн доллар) көлөмүндө кошо каржылоого тийиш.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу