Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 14:58
 

Премьер-министр: “Үстүбүздөгү жылы иштетилбей калган жерлердин аянтын 5-6 миң га дейре кыскартуу милдети коюлган”

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Бул туурасында бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде премьер-министр Темир Сариев билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, республикада айдоо аянттарынын аздыгына басым жасап келебиз, ошол эле учурда өлкөнүн түштүк аймагында айдалбай калган аянттар көп кездешет.

“Айдалбай калган жерлер убагында насос менен сугарылчу, кийинчирээк суу чыкпай калган жерлер кургап калган. Же камыш басып же саздак болуп кеткен. Мунун баарын тең мойнубузга алышыбыз керек. Былтыр өлкөдө 90 миң гектар иштетилбей калып калган. Айрым жерлерде кайра иштетүү фондунун карамагында калып калган жерлер, кайрак жерлер же алысыраак жайгашкан жерлер деп калтырылган аянттар кездешет. Өкмөттө бул маселеге көңүл буруп, быйыл дың жерлердин аянтын 5-6 миң гектарга кыскартуу боюнча талап коюлган”, – деди Темир Сариев.

Премьер-министрдин айтымында, бул маселе боюнча иш жүргүзүлүүдө. Учурда ар бир губернатор жана акимдердин алдында тапшырма коюлган. Натыйжада, ар бир аймактагы жерлердин аянты, алардын кандай багытта пайдаланылып жаткандыгы такталып чыккан.

“Жерге аяр мамиле кылып, көздүн карегиндей сактап, туура пайдалануу керек. Жашыл экономикага багыт алып, экологиялык жактан таза өсүмдүктөргө ыктасак, суроо-талапка муктаж продуктуларды өндүргөн болоор элек.

Темир Саривдин айтымында, бүгүнкү күндө айыл-чарба тармагында жаңы иннновациялык ыкмаларды кеңири жайылтуу менен түшүмдү арттыруу жагына басым жасалууда.

“Бул жаатта республика боюнча 200 га жакын аянтта жайгашкан 800гө жакын күнөскана иштетилүүдө. Жакынкы мезгилде алардын аянтын 1 миң га жеткирүү максаты коюлган. Аны менен катар 100-200 гектар жерди тамчылатып суугаруу аркылуу иштетүү планыбыз бар. Мындай болгон учурда жер-жерлердеги дыйкандарга азыраак каражат жумшап, мыкты киреше алууга шарт түзүлөт. Биз фитосанитардык көзөмөлдү толук алганбыз. Азыр жашылча-жемиштер эч тоскоолдугу жок сыртка чыгып жатат”, – деп билдирди ал.

Премьер-министр белгилегендей, учурда Өкмөт айыл-чарба продукциясын жөн гана өстүрүү эмес, аны кайрадан иштетүү маселесин күчтөндүрүү аракетин жасоодо. Бул багытта айыл-чарба продуктыларын өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген кредит берүү жаатында да алгылыктуу иштер жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу