Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 14:32
 

2015-жылы ЕАЭБга мүчө өлкөлөргө 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы экспорттолду

Бишкек, 16-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “2015-жыл Кыргызстанда айыл чарба тармагы үчүн эң ийгиликтүү жыл болду. 2015-жылы ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө 400 миң тоннадан ашык айыл чарба продукциясы экспорттолду”,-деди бүгүн, 16-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев.

Анын айтымында, айыл чарбадагы ички дүң продукция 197 миллиард сомду түздү.

“Бул 2014-жылга салыштырмалуу 6,2%га көп. 100 миң тоннага айыл чарба продукциясын көп чыгардык. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн алкагында алганда бизде бир катар маселелер бар. Андай маселелер барынан мурда кайра иштетүү тармагына тиешелүү. Бүгүнкү күндө биз Россиянын, Казакстандын жана Беларустун айыл чарба мекемелери менен тыгыз кызматташтыкта иш жүргүзүп жатабыз",- деп кошумчалады Э.Чодуев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу