Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 14:07
 

Кыргызстанда ветеринардык лабораторияларды жабдуу үчүн 5-6 миллион доллар талап кылынат

Бишкек, 16-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. ЕАЭБдин нормаларына ылайык Кыргызстанда ветеринардык лабораторияларды жабдуу үчүн дагы 5-6 миллион доллар талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бюджеттен өткөн жылдарга караганда эки эсе көп каражат бөлүнгөн. Учурда тендерлер өткөрүлүп, вакциналар сатып алынып, ветеринардык диагностикалар жүргүзүлүүдө.

“Бүгүнкү күнү биздин кызмат дары-дармектер менен толук жабдылган. Жазгы вакцинация өз убагында жүргүзүлөт. Вакциндердин, дары-дармектердин сапатына чоң көңүл буруудабыз. Мамлекеттик ветеринардык кызмат райондорду тейлөөгө гана жетише алат, ал эми айылдарда жеке ветеринарлар иштеп жатышат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу