Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 12:42
 

ЕАЭБдин таасири менен Россияга жана Казакстанга кеткен мигранттырдын саны өстү

Бишкек, 16-февраль /Минара Ибраева/. ЕАЭБдин таасири менен Россияга кеткен мигранттырдын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция агенттигинин директорунун орун басары Алмаз Асанбаев билдирди.

Анын атымында Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин Казакстан менен Россияга кеткен жарандардын агымы көбөйгөнү байкалууда.
“ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарга айлыктарды көбүрөөк алганга жана иштегенге ыңгайлуу шарттар түзүлө баштаган. Мындан улам август айынан баштап Россияга кеткен элдин агымы көбөйгөн. Ал эми, жыл башынан бери бүгүнкү күнгө чейин Россияга кеткен мигранттардын саны 552 миң адамга жетти”,-деп айтты А.Асанбаев.

“Ал эми, 113 миң адам бүгүнкү күндө коңшу Казакстан өлкөсүндө иштеп жүрөт. Мындай көрсөткүч тарыхта болгон эмес. Эң эле көп дегенде Казакстанга 80 миң адам иштегени кетишчү. Бүгүнкү күндө Россия жана Казакстанда иштегенге жеңил болгондуктан эл көбүрөөк кете баштады. Демек, бул дагы ЕАЭБге киргенден кийин ыңгайлуу шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берет”,-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу