Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 12:14
 

МСК: 2015-жылдын 12-августунан 2016-жылдын февралына чейин мамконтролдон өткөн 46455 талон толтурулган

Бишкек, 16-февраль /Дайырбек Мейманов-Кабар/. “Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирген 2015-жылдын 12-августунан баштап, 2016-жылдын февралына чейин мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндөгү 46455 талон толтурулган. Мында импортко 31576 талон, ал эми экспортко 21 148 талон толтурулган”-деди бүгүн, 16-февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов.

Анын маалыматына караганда, толтурулган талондорду иргеп иштеп чыгууда, салык төлөөчүлөрдү издөө жана андан ары тескеп- башкарууда толтурулган талондордун 20 пайыздан ашыгыраагы салык төлөөчүлөрдүн талондорду сапатсыз, жүк алуучунун, жиберүүчүнүн аты-жөнүн толук жазбастан ж.б. толтурушкандары дайын болот.

“Өткөн беш айдагы мониторингде салык мыйзамын бузууга байланышкан бир катар көйгөйлөр аныкталган. Бул бюджетке салыктын түшүүсүнүн көлөмүнө терс таасирин тийгизет жана өлкөдөгү товар өндүрүүчүлөргө да ыңгайсыздык жаратып, атаандаштык принцибин бузат. Андыктан, “ЕАЭБдин бажы аймагында товарларды ташып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө» Протоколуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2015- жылы 16-октябрындагы чечимине ылайык, үчүнчү өлкөлөрдүн төмөндөтүлгөн бажы төгүмдөрү боюнча Казакстан Республикасына мурда киргизилген кээ бир товарларга карата Казакстандан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө ташып кирүүгө тыюу салынгандыгын белгилей кетүү керек”,-деди ал.

“Ушуга байланыштуу Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттери менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын-ала кабарлоонун жаңы тартибин бекитүүчү КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды”,-деп кошумчалады О.Абдыкаимов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу