Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 11:45
 

Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу менен кандай артыкчылыктарга ээ болду?

 Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу менен кандай артыкчылыктарга ээ болду?

Бишкек, 16-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Эгер Кыргызстан ЕАЭБге өткөн жылы мүчөлүккө кабыл алынбай калса, анда анын кесепети өтө жаман болмок. Анткени өлкөбүздүн экономикасы 180 млн калкы бар бул уюм менен тыгыз байланышкандыктан, соода-сатык гана эмес, эмгек мигранттарынын абалы да кыйынчылыкка кабылмак. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.

“Эң негизгиси Кыргызстан ЕАЭБге үчүнчү өлкө катары эсептелип, бизге бажы чек арасын жабуу, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын продукциясын кабыл албоо, эмгек мигранттарынын абалынын начарлашы, учурдагы дүйнөлүк кризиске байланыштуу кырдаалдын ого бетер татаалданышы сыяктуу кыйынчылыктар жаралмак. 12-февралда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык союздун толук укуктуу мүчөлүгүнө кабыл алынгандыгына жарым жыл толду. Албетте, бул алдын ала кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга анча чоң эмес убакыт. Анткен менен алгачкы ийгиликтер болууда жана жемишин берүүдө”,- деди ал.

О.Панкратовдун айтуусунда, Кыргызстан ЕАЭБге толук укуктуу мүчөлүккө өтүү менен төмөндөгүдөй артыкчылыктарга ээ болду:

- ЕАЭБдин башка мүчөлөрү менен катар уюмдун органдарындагы бирдей укукка ээ болуу. Бул биримдиктин башка мүчөлөрү сыяктуу эле кыргыз тараптын макулдугусуз ЕАЭБ чечим кабыл албайт. Февраль айынан тартып Евразиялык комиссиянын жаңы структурасы ишке кирип, Кыргызстан бажы кызматташтыгы, энергетика жана инфраструктура тармактарындагы Коллегиянын мүчөсү болуп саналат.

- Бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдөрдүн алынышы. Бажы чек арасынын алынышына байланыштуу соода-сатыктын жогорулап, рынок 30 эсе өстү.

- Кыргызстандын 4 бажы өткөрүү жана 7 ветеринардык–көзөмөл өткөрүү бекеттери заманбап жабдыктар менен камсыздалды. Россия бул багытта жана лабораторияларды ЕАЭБдин шартына ылайыкташтыруу үчүн 200 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам көрсөттү.

- Кыргызстандын 28 аккредитацияланган лабораториялары жана сертификациялоо боюнча 6 органы ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине киргизилди. Алар Союздун аймагында таанылган документ бере алышат.

- Бүгүнкү күнгө карата 18 кыргызстандык ишкана ЕАЭБ аймагында өз продукциясын сата ала турган укукка ээ болду. Алардын ичинен 15 ишкана Россия менен Казакстанда эт, сүт, балык, бал сата алышат.

- Кыргыз-Россия өнүгүү фонду иштей баштады. Жергиликтүү банктар аркылуу 1,2 млрд сом жеңилдетилген кредиттер берилди. Мындан тышкары Фонд тарабынан айыл чарба жана жеңил өнөржай тармагындагы ири долбоорлорго 10,5 млн доллар берүү жактырылды.

- Эмгек мигранттары менен алардын үй-бүлөлөрүнө жумушка орношуу жана жашоо шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу биз бул багытта бир топ жеңилдиктерге ээ болдук. Башка өлкөлөрдүн мигранттарынын саны кыскаргандыгынын эсебинен кыргыз жарандарына жумуш орундары бошоп, эмгек миграциясын легалдаштыруу жүрүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу