16.02.2016, 10:43

О.Панкратов: “Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу экономика менен эмгек мигранттарына бир топ жакшы шарттарды түздү”

 О.Панкратов: “Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушу экономика менен эмгек мигранттарына бир топ жакшы шарттарды түздү”

Бишкек, 16-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алынышынын алты айынын жыйынтыгына арналган маалымат жыйында КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.

Анын маалыматына ылайык, өлкөбүз өткөн жылдын август айында аталган уюмга толук мүчөлүккө кабыл алынышы эң оболу ата-мекендик өндүрүштү жандандырып, чет элдик инвестицияларды тартууга жана товарларды экспорттого шарт түздү. Мындан тышкары, айрыкча Россия менен Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттары үчүн бир топ жеңилдиктер берилди. Азыр ЕАЭБ аймагында иштеп жүргөн кыргызстандыктар мурдагыдай патент алып, экзамен тапшырышпайт жана жергиликтүү жарандар сыяктуу эле социалдык кызматтардан пайдалана алышат.

“Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алынышы - бул жалпы улуттук деңгээлдеги окуя катары тарыхта калды. Анткени, бир гана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзүлбөстөн, жалпы мамлекеттин узак мөөнөттүү келечегине жол ачылды.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчөлүккө өз учурунда кошулгандыгын белгилеп кетким келет. Эгер биз өткөн жылдын биринчи жарымында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай чечим кабыл албасак, азыркы дүйнөдө болуп жаткан геосаясый кырдаалга байланыштуу ЕАЭБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөр узакка созулуп, азыркыдай жеңилидктерге ээ боло алмак эмеспиз. Ал эми азыр Кыргызстанга Кытай, Индия сыяктуу экономикасы өнүккөн өлкөлөр инвестиция тартууга кызыгышууда”,- деди О.Панкратов.