16.02.2016, 09:03

16-февралда тармактык комитетте электр энергиясынын колдонуудагы тарифтери жөнүндө маселе каралат

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети электр энергиясынын колдонуудагы тарифтер жөнүндө маселени карайт. Негизги докладчы Экономика министри А. Кожошев бул маселе боюнча өкмөттүн планын айтып берет.
Жыйынга электр энергиясынын колдонуудагы тарифтери боюнча аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн жана башка тиешелүү жактардын, эксперттер катышат.