Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 08:56
 

Жапония Кыргызстанга 100 млн иен өлчөмүндө долбоордук эмес гранттык жардам берет

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган чакан жана орто бизнес товарларын берүү жөнүндө долбоордук эмес Гранттык жардам боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасын ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, Япониянын 100 млн йен өлчөмүндөгү долбоордук эмес гранты эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө жана кызматташтык алакаларды арттыруу максатында, чакан жана орто бизнес товарларын берүү менен, ал Жапон Өкмөтүнүн долбоордук эмес Гранттык жардамынын алкагында бөлүнөт. Сатып алына турган товарлардын тизмеги эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда макулдашылмакчы.

“Келишим шарттарына ылайык, биздин алдыбызда гранттык товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү бажы алымдарынан, ички салыктардан, дагы башка баардык жыйымдардан толук бошотуу милдети турат. Келишимде каралган баардык иш-чаралардын аткарылуу жүрүмү JICA кызматташтыгы боюнча Япон Эл аралык агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат.
Бул келишим Кыргызстандын чакан жана орто бизнесинин өнүгүшүнө түрткү берет”, - дейт финансы министри Адылбек Касымалиев.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу