Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 08:51
 

“Сарымсак” ирригациялык тармагын өнүктүрүү долбоорун каржылоо менен Кара-Буура районунда 2000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. 15-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын "Сарымсак" ирригациялык тармагын өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Келишим долбоору тууралуу маселе каралды.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Комитет жыйынындагы Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдун маалыматы боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, “Сарымсак” ирригациялык тармагын курууга жылпысынан 16, 4 млн доллар каражат жумшалат. Анын ичинде Ислам өнүктүрүү банкы 13,3 млн доллар берет, ал эми кыргыз тарап 3,1 млн доллар кошушу керек. КР Өкмөт ушу тапта 2,9 млн доллар өлчөмүндө каржылады.
Т.Бекбоев “Сарымсак” ирригациялык тармагы аркылуу кошумча 2 миӊ гектар жаӊы жер өздөштүрүлүп, дагы 1,6 миӊ гектар жер сугарыла турганын билдирди.

Талкууда депутат Дастан Жумабеков Талас облусунун Кара-Буура районунда кошумча жерлер өздөштүрүүгө багытталган бул долбоорду колдоого алып, аны тездетүү зарылдыгын билдирди. Бул жерлер мамлекеттин фондундагы жерлер экенинин тактаган депутат Акылбек Жапаров жер иштетүү саясатын өзгөртүү зарылдыгын, анын элдин жерлерди майдалабай кооперативдүү түрдө пайдалангыдай биригүүсүнө түрткү болоорун белгиледи. Ошондой эле депутат насыя каражат кайсы орган тарабынан кайтарылаарын документке так көргөзүү өтүнүчүн кошумчалады.
Жыйынтыгында "Сарымсак" ирригациялык тармагын өнүктүрүү долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Келишим долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу