Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/02 18:36
 

Премьер-министр: «Ар бир жетекчи коюлган талапты так сактап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу керек»

Бишкек, 12-февраль /Кабар/. Бул тууралуу Темир Сариев 12-февралдагы Өкмөттүн жыйыны учурунда 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгы маселесин кароодо билдирди. Премьер-министр 2015-жыл Кыргызстан үчүн саясий жактан да, экономикалык жактан да чоң сыноолордун жана чакырыктардын жылы болгондугун белгиледи.

Темир Сариев өткөн жылдагы эң маанилүү окуя катары постсоветтик аймакта биринчилерден болуп биометрикалык маалымат топтоо аркылуу саясий атаандаштыктын шартында парламенттик шайлоону өткөрүлүшүн атады.
«Шайлоо өлкөбүздөгү саясий туруктуулуктун бекемдигин негиздеп, парламентаризмди сынады жана күчөттү», – деди Темир Сариев.
Темир Сариев ар бир жетекчинин алдына тартип, жоопкерчилик, мыйзамдарды так аткаруу жана жарандар менен тыгыз иштешип, калктын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү боюнча талаптар коюлганын эскертти.

Премьер-министр 2015-жылы Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болгондугун белгилеп, анын натыйжасында кыргыз-казак чек арасындагы бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынганын билдирди.
«Учурда ветеринардык көзөмөл бар. Бирок Кыргызстандагы 12 эт жана сүт азыктарын кайра иштетүүчү ишкана ЕАЭСтин бирдиктүү реестрине киргизилген. Быйыл 8-февралдан тарта 15 ишкана реестрге киргизилди. Эми аталган ишканалар өндүргөн продукцияларын эч тоскоолдуксуз Евразиялык экономикалык биримдиктин ири базарына чыгарып, сата алышат. Ветеринардык эквиваленттик система быйылкы жылы август айына чейин чечилиши керек. Мигранттар бир катар жеңилдиктерди алды. Бул тарыхый туура чечим болду. Эгер биримдикке кирбегенде мындан да оор кырдаал жаралмак», – деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы дүйнөдөгү тышкы факторлор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына таасирин тийгизгенин билдирди. Премьер-министр аталган биримдикке кирген өлкөлөр ичинен Кыргыз Республикасы экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калганын билдирди.
Былтыркы жылдагы экономикалык өсүш 3,5%ды түздү. Муну менен катар Өкмөт бардык социалдык милдеттемелерин аткарып, социалдык коргоо багытына 24,6 млрд сом, билим берүү тармагына – 20,4 млрд сом, саламаттыкты сактоого – 10,9 млрд сом, ал эми маданият тармагына – 2,6 млрд сом жумшалды»-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр былтыркы жылы жакырчылыктын көлөмү 2-3 эсеге азайып, номиналдык айлык акынын орточо көлөмү 9 пайызга жогорулаганын билдирди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу