Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/02 18:11
 

Жакында “Манас” университетинде өсүмдүктөрдү коргоо жаатында диагностикалык клиника ачылат

Бишкек, 12-февраль /Кабар/. Бүгүн, 12-февралда «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын кезектеги жыйынында Америка эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган «Фермерден фермерге» долбоору жөнүндө маалымат угулду.Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Фермерден фермерге" долбоорунун директору Назгүлмира Арынова 2013-жылдын декабрынан 2018-жылдын сентябрына чейин белгиленген долбоордун максаты айыл чарба жаатында тажрыйба, билим алмашуу экенин, долбоор аркылуу айыл чарба ишкерлигин өнүктүрүү, айыл чарбасы боюнча билимди жогорулатуу жана айыл чарба жаатында каржылык кызмат көрсөтүү милдеттери коюлгандыгын түшүндүрүп берди. Долбоордун алкагында мөмө бактарын кыйыштыруу, мөмө жемиштерин сактоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, өсүмдүктөрдү коргоо жана башка багыттар боюнча консультация берүү үчүн чет элдик эксперттер тартылат.

Талкууда долбоордун бюджети 5 жылга 2 миллион АКШ доллар өлчөмүндө экени жана долбоор жалаң гана консультация менен тренингдерди өткөрө тургандыгы белгилүү болду. Жыйынга чакырылган “Манас” университетинин профессору Тинатин Дөөлөткелдиева аталган долбоордун жардамы менен чет элдик адистердин катышуусунда өсүмдүктөрдү коргоо жаатында заманбап илдеттерди молекулярдык ыкма аркылуу ыкчам жоготуу боюнча иш алпаргандыгын, мындай иш-аракеттер өсүмдүктөрдү коргоо жаатында илимий изилдөөлөргө, илимий потенциалды жогорулатууга жол ачылып жатканын маалымдады. Анын айтымында, жакында университетте өсүмдүктөрдү коргоо жаатында диагностикалык клиника ачылат.

Аталган долбоордун жардамын алган “Алма Kg” өсүмдүктөрдү жана айбанаттарды өстүрүп, багып, таратуучу чарбанын (питомниктин) фермери Шарше Жапаров болсо долбоордун алкагында чет элден тартылган адистердин кеңеши менен алмаларды тамырчалары аркылуу кыйыштырып, жаңы сортторду өстүрүп жатканын маалымдады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу