Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/02 16:26
 

Ирандын 80 млн калк жашаган рыногунда Кыргызстандын продукциясы жогору бааланат

 Ирандын 80 млн калк жашаган рыногунда Кыргызстандын продукциясы жогору бааланат

Бишкек, 12-февраль /Эмилбек Момунов-Кабар/. Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алынышы жана Иран Ислам Республикасынан эл аралык экономикалык санкциялардын алынышы менен эки өлкөнүн саясый мамилеси гана жакшырбастан, соода-экономикалык кызматташтыгы да жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө.

Анткени мындан ары ирандык ири компаниялар үчүн Кыргызстанга инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк жаралса, ошол эле учурда кыргызстандык дыйкан, фермерлер өндүргөн экологиялык жактан таза азык-түлүктөрдү Иранга экспорттоого шарт түзүлүүдө. Алсак, ирандык ишкерлер Кыргызстанда курулуш материалдарын чыгаруучу завод курууга кызыгышууда. Ал эми биздин бал, төө буурчак, эт сыяктуу азыктарыбыз Иранда жогорку суроо-талапка ээ. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчисинин биринчи орун басары Мохаммед Пардакчи билдирди.

“Учурдагы эки өлкөнүн жылдык товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 100 млн долларга да жетпейт. Бул биздин мүмкүнчүлүктөрүбүздөн бир нече эсе төмөн көрсөткүч. Себеби ортодо ар кандай жүйөлүү себептер болуп келди. Ал эми өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүккө кабыл алынышы жана Ирандан эл аралык экономикалык санкциянын алынышы эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жандандырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылды.

Себеби ирандык ири компаниялар мындан ары бир гана 6 миллиондук Кыргызстандын эмес, 180 миллиондук ЕАЭБдин рыногуна чыгууга кызыгышууда. Мисалы, биздин ишкерлер үчүн курулуш материалдарын ташып келип отурбай, бул жерде завод куруп өндүрүү бир топ ыңгайлуу болмок. Ал эми Иранда Кыргызстандын эт, бал жана башка айыл чарба азыктары жогору суроо-талапка ээ.

Февраль айынын аягында Бишкекке ирандык жоон топ бизнесмендер келишип, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги 11-жыйынына катышышат. Андан соң бир топ келишимдерге кол коюлат деген ишенич бар. Ирандан эл аралык экономикалык санкциялар алынгандан кийин кыска аралыкта биздин өлкөгө жүзгө жакын чет өлкөлөрдүн жетекчилери расмий иш сапар менен келишти. Өткөн жылы Президент А. Атамбаев Иранга расмий иш сапар менен барып, жогорку мамлекет жетекчилери менен жолугушуп, сегиз документке кол коюлушу тарыхый окуя болуп калды. Кыргызстан бизге Европа өлкөлөрүнөн бир топ жакын. Ошондуктан, ирандык ири инвесторлор үчүн сиздердин өлкө менен иштешүү ыңгайлуу болуп саналат”,- деди элчинин орун басары.

Айрым массалык маалымат каражаттары жана эксперттер Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык мамилеси Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары эле башталган менен эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү тиешелүү деңгээлде өнүкпөй жаткандыгын айтып келишүүдө.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу