12.02.2016, 10:14

Индия менен картошканы кайра иштетүү ишканасын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бишкек, 12-февраль /Кабар/. Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев дыйкандар эмнени эгүү-экпөө маселесин өздөрү чече турганын белгиледи. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Былтыр Казакстандын Тараз шаарында 4 жолу жармаӊке өткөрүлүп, картошканын өтүмдүү болору байкалды. Азыр Индия менен Талас жергесинде картошканы кайра иштетүү ишканасын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Дыйкандар үчүн картошка өстүрүү кыйла пайдалуу болот», - дейт ал.
Ушу тапта Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрүнө карата карантин алынып салынды, Евразия аймагына эркин сатууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.