Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/02 08:22
 

2016-жылдын бюджетинде айыл чарбаны каржылоо боюнча субсидияга 400 млн сом каралган

 Бишкек, 12-февраль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КРнын Өкмөтү 2016-жылдын 26-январындагы №25 токтому менен «Айыл чарбасын каржылоо – 4» долбоорун бекиткен. Бул тууралуу финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Долбоордо коммерциялык банктар республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдетилген шарттарда кредиттик каражаттарды берери каралган:
- пайыздык чени – жылына 10%,
- кайтаруу мөөнөтү – 3 жыл,
- карыздын негизги суммасын тындырууга жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин,
- жеке кредиттер боюнча 100 миң сомго чейинки кредиттик каражаттар күрөөсүз негизде 12 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен берилиши мүмкүн.
Андан тышкары жеңилдетилген кредиттик каражаттарды алуучулардын чөйрөсүн кеңейтет. Эгерде мурда «Айыл чарбаны каржылоо» долбоору боюнча кредиттик каражаттарды негизинен мал чарбачылык тармагынын субъекттери алып келишкен болсо, эми жаңы долбоордо кайра иштетүү тармагы кеңейтилет. Бул тармакка айыл чарба продукциясын иштетүү жана айыл чарба жаатында кызмат көрсөтүүлөр менен алектенген субъекттер (күнөскана чарбасы, мал союучу цехтер, логистикалык борборлор) киргизилген.
Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген субъекттердин басымдуу көпчүлүгүнүн жогору пайыздык чендер менен же чет өлкө валютасында алынган кредиттери бар экендигин эске алып, алардын карыз түйшүгүн жеңилдетүү максатында, эгерде мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттык тармагы «Айыл чарбаны каржылоо» долбоорунун максаттарына дал келсе, башка банктардагы же финансы-кредиттик мекемелердеги карыздарын кайра каржылоо каралат. Айта кетчү нерсе, мында ушул максаттарга жумшалган чектик сумма каржылоонун жалпы суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер кредиттерди жеңилдетилген пайыздык чен менен, башкача айтканда, жылына 10% менен бериши үчүн КРнын Өкмөтү (Финансы министрлиги) пайыздык чендердин 11% өлчөмүндөгү айырмасын субсидиялоо жолу менен коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин чыгымдарын жабат.
2016-жылы республикалык бюджетте субсидиялоого 400 млн сом каралган, анын 135 млн сому «Айыл чарбаны каржылоо – 3» долбоору боюнча субсидиялардын 2-траншын которууга жумшалат, ал эми 265 млн сому «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоору боюнча субсидиялардын 1-траншын которууга жумшалат. Бул каражаттар айылдык товар өндүрүүчүлөрдү 2,7 млрд сом суммасындагы кредит менен камсыздайт.
Бүгүнкү күндө 5 коммерциялык банк «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорун ишке ашырууга катышарын тастыктады. Алардын кредиттөөсүнүн жалпы көлөмү 2 млрд 700 млн сомду түзөт.
1. «Айыл Банк» ААК – 1 млрд 200,0 млн сом;
2. «РСК Банк» ААК – 1 млрд 000,0 млн сом;
3. «КИКБ» ЖАК – 300 млн сом;
4. «КЫРГЫЗСТАН» КБ ААК – 100 млн сом;
5. «Бакай Банк» ААК – 100 млн сом.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу