11.02.2016, 18:19

Россия Ош обулусун өнүктүрүүгө 3,5 млн доллар грант бөлөт

Ош, 11-февраль /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. 2016-жылы майда Россия Федерациясынын өкмөтү “Айкалышкан өнүгүү” багыты боюнча Ош облусун өнүктүрүүгө 3,5 млн доллар грант бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БУУнун өнүктүрүү программасынын Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча менежери Мира Субанкулова билдирди.

Анын айтымында, жаңы долбоордун алкагында айыл чарбасын, ирригациялык жана суу тутумун өнүктүрүү колдоого алынары күтүлөт, андан тышкары кесиптик-техникалык окуу жайынын кызматынын алкагында жаштарды жаңы адистикке даярдоо жана Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда бизнести өнүктүрүү каралган.

Азыркы учурда БУУну өнүктүрүү программасынын түштүк бөлүмү программанын үч компоненти: демократиялык башкарууну өнүктүрүү менен байланышкан долбоор, каатчылыкты жана табигый кырсыктарды алдын алуу, туруктуу өнүктүрүү (мында экономика жана экология маселеси камтылган) боюнча иштерди жүргүзүп жатат. 2015-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын түштүк бөлүмүнүн бюджети 1,5 млрд долларды түзгөн.