11.02.2016, 17:52

Депутат М.Абдылдаев: «Суу сактагычтарда кыш бою суу топтолот, жаз башталар замат суу жок болот»

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. Жогорку Кеӊеште жазгы талаачылык жумуштарына даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат угулуп жатканда, депутат Мыктыбек Абдылдаев «Орто-Токой» жана «Көк-Жар» суу сактагычтарынын азыркы абалына кызыкты.

«Мен бул маселени көптөн бери көтөрүп келем. Суу сактагычтарда кыш бою суу топтолот, жаз башталар замат жок болот. Мунун себеби эмнеде, суу каякка кетүүдө же Казакстанга ашыкча суу берилип жатабы?», - деген суроо салды ал.

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев «Орто-Токой» суу сактагычы 770 млн куб метрге чейин суу топтоого жөндөмдүү экенин, быйыл анда 414 млн куб чогулганын, ал былтыркыга караганда 85 млн кубга көптүк кыларын белгиледи. Ал эми премьер-министр Темир Сариев казак тарап менен сууну бөлүшүү жана аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн, аларга ашыкча суу берилбей турганын кошумчалады.