11.02.2016, 17:40

Премьер-министр: «Өкмөт дыйкандарга насыялардын шартын жеңилдетүү боюнча аракет көрүүдө»

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. Бул тууралуу Темир Сариев жазгы талаачылык жумуштарына даярдык талкууланган Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Премьер-министр айы-чарба тармагында дыйкандарды колдоо максатында жеңилдетилген насыяларды берүү улантыларын билдирди. Айыл чарбаны каржылоо линиясы аркылуу жеңилдетилген насыялар улантылат. Быйылкы жылдан тарта насыянын мөөнөтү 2 жылдан 3 жылга узартылды жана 10 пайыз менен берилүүдө.

Муну менен катар Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду аркылуу 12 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет. Темир Сариев быйылкы жылы 12 миллиард сомго чейинки каражат насыя түрүндө берилет.
«Айыл чарбасындагы жеңилдетилген насыялар эмгектенем деген ар бир дыйканга жеткиликтүү болуш керек. Быйылкы жылы 100 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз бериле баштады»,-деди Темир Сариев.

Расмий маалымат боюнча, былтыркы жылы 9980 субъектке 3,8 млрд сом жеңилдетилген насыя түрүндө берилген. Ал эми өкмөт тарабынан 2011–жылдан бери 51 миңден ашык айылдык ишкерлерге 13 млрд сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди.