11.02.2016, 16:52

Мамгеология агенттиги Сузак районунун “Кургат” кум, шагыл кенин чалгындоого аукцион жарыялады

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги Жалал-Абад областынын Сузак районундагы “Кургат” кум, шагыл кенин чалгындоого аукцион жарыялады. Бул туурасында аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 7 участок 15 миң 114 АКШ долларын түзөт.
Аукцион 2016-жылдын 31-мартында саат 12де Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында өтөт. Аукционго катышуучулардын катталуусу саат 11:30 дан 11:50гө чейин жүргүзүлмөкчү. Ага катышууну каалоочулар керектүү документтерди 2016-жылдын 28-мартына чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигине тапшыруулары керек.