Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/02 16:19
 

“Түндүкэлектрдин” кардарлары январь айында 64,6 млн кВт саат электр энергияны үнөмдөштү

Бишкек, 11-февраль /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасынын кардарлары 2016-жылдын январь айында 666, 8 млн кВт саат электр энергиясын сарпташты. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

КР Өкмөтү тарабынан каралган энергиянын 64,6 млн кВт сааты же анын 8,84 %ы үнөмдөлдү. Салыштырмалуу, 2015-жылдын январь айында “Түндүкэлектр” боюнча 731, 4 млн кВт саат электр энергиясы керектелген.

Бул жылдын январь айында Бишкекте 44,6 млн кВт саат электр энергия үнөмдөлгөн. Мерчемделген 345,6 млн кВт сааттан бишкектиктер 301 млн кВт саатан ашыгырак электр энергия керектешкен.

Чүй облусу боюнча каралган 322,5 млн кВт сааттан 311,5 млн кВт саат электр энергиясы пайдаланылган. Талас облусунда мерчемделген 63,3 млн кВт сааттын 54,3 кВт сааты керектелген.

Ушуну менен, каралган электр энергиясын үнөмдөө:
борбор калаабызда - 12, 91 %,
Чүй облусунда - 3, 42 %,
Талас облусунда 14,18 %ды түздү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу